Иран : "Тынчсызданууларды жок кылууга даярбыз"

Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян атомдук сүйлөшүүлөрдө «жакшы бир келишим» түзүүгө жана каршы тараптын тынчсызданууларын жок кылууга даяр экендерин айтты.

1747247
Иран : "Тынчсызданууларды жок кылууга даярбыз"

Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян атомдук сүйлөшүүлөрдө «жакшы бир келишим» түзүүгө жана каршы тараптын тынчсызданууларын жок кылууга даяр экендерин айтты.

Ирандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Абдуллахиян омандык кесиптеши Бадр бин Хамед аль - Бусаиди менен телефон аркылуу  «эки тараптуу мамилелер жана өзөктүк келишим» тууралуу сүйлөштү.

Абдуллахиян санкциялар жоюлса, атомдук программаны келишимдин мазмунуна ылайык ишке ашыра тургандарын билдирип Иран 2015 - жылкы атомдук келишимдин бардык артыкчылыктарынан пайдалануу жана экинчи тараптын потенциалдуу кооптонуусун чечүү үчүн жакшы келишим түзүүгө даяр экендерин айтты.

Бир тараптан Ирандын тышкы иштер министринин орун басары жана башкы сүйлөшүүчү Али Бакири Бакири, атомдук сүйлөшүүлөрдө айрым актерлордун дипломатиянын ордуна айыптоо адаттарын улантып жатканын айтты.

Бакыри Австриянын борбор шаары Венада болуп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу твиттерден маалымат берип, батыштык тараптарды кадам таштабаганы үчүн сынга алды. Ирандын сунуштарын ылдам түрдө сунуштагандыгын эске салган Бакыри : «Айрым актерлор чыныгы дипломатиянын ордуна айыптоо адаттарын улантууда. Конструктивдүү жана ийкемдүү түрдө чыр - чатактарды азайтуу үчүн аракет кылдык. Дипломатия эки тараптуу бир проспект. Жаңылыштыкты оңдоо үчүн эрк бар болсо жакшы келишимдин жолу ылдам ачылат»,- деди.

Биргелешкен комплекстүү аракеттер планы (KOEP) деп аталган Ирандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүүлөр болжол менен 5 айга созулган тыныгуудан кийин 29 - ноябрда Венада өттү.



Тектеш кабарлар