Мишри:«Ливияда 7 миңден ашуун орусиялык «Вагнер» элементтери бар»

Айрым активисттер жана журналисттер менен болгон онлайн маегинде Мишри орустар Түндүк Африкада болгусу келген жерди издеп жатышканын жана аны Ливиядан тапканын айтты.

1746257
Мишри:«Ливияда 7 миңден ашуун орусиялык «Вагнер» элементтери бар»

Ливиянын мамлекеттик жогорку кеңешинин төрагасы Халид ал-Мишри өлкөдө орусиялык «Вагнер» коопсуздук компаниясына тиешелүү 7 миңден ашуун жалданма аскер бар экенин билдирди.

Айрым активисттер жана журналисттер менен болгон онлайн маегинде Мишри орустар Түндүк Африкада болгусу келген жерди издеп жатышканын жана аны Ливиядан тапканын айтты.

«Вагнер» Борбордук Африка Республикасында бийликке бир адамды алып келгенден кийин жалданма аскерлердин Ливиянын Чаддан Жер Ортолук деңизине чейинки бөлүгүн басып алууга аракет кылганын белгилеген Мишри сөзүн төмөнкүчө улантты: «Учурда Ливияда 7 миңден ашуун орусиялык «Вагнер» элементтери бар жана алардын учактары бар. Алар Сирте жана Жуфрада траншеяларды казып жатышат. Эң чоң авиабазалардын бири - Гардабия (Сиртеде жарандык аэропорт катары да колдонулат) жана Жуфра аба базасында 30 реактивдүү учак бар»,-деди.

Ливияда 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан орусиялык «Вагнер» коопсуздук компаниясынын жалданма аскерлери Сирте шаарындагы авиабаза менен портту жана ошондой эле өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Жуфра аймагындагы авиабазаны колдонууда.



Тектеш кабарлар