Норвегияда бир мышык ээсинин рак экендигин сезди

Норвегияда мышыгынын жүрүм - турумунан шек санаган аял доктурга кайрылып, рак оорусуна чалдыкканын билди жана эрте диагноздун  коюлушу менен айыкты.

1746116
Норвегияда бир мышык  ээсинин рак экендигин сезди

Норвегияда мышыгынын жүрүм - турумунан шек санаган аял доктурга кайрылып, рак оорусуна чалдыкканын билди жана эрте диагноздун  коюлушу менен айыкты.

Норвегияда ээси менен жашаган Йесперпус аттуу мышык кызыктай жүрүм - туруму менен көңүлдөрдү бурду.

Үйдөн чыккысы келбеген мышык бир саамга ээсинин айланасынан алыстай баштады. Бул өзгөргөндөн улам  ээси аны ветеринарга алып барды.

Текшерүү учурунда Йесперпустан эч нерсе табылган жок, бирок дарыгер Йесперпустун кызыктай жүрүм - туруму жөнүндө укканда, ал шектенип, ээсинен кандайдыр бир анализдерди талап кылды.

Анализдердин жыйынтыгында рак оорусуна чалдыкканы аныкталган аялга операция жасалып, эрте дарылоо менен өмүрү сакталып калды.

Негизи дүйнөгө таанымал Йeсперпус  мышык 2016-жылы ээси менен лыжа тебүү ырахаты менен атактуу болгон. Ошондой эле мышык жөнүндө үч китеп бар.  Мышык  тууралуу миңдеген киши соцтармактан иликтөөдө.



Тектеш кабарлар