Ливанда палестиналык качкындар лагеринде жарылуу болду
Бурж еш - Шимали качкындар лагериндеги бир арсеналда болгон жарылууда каза болгондор жана жаракат алгандардын бар экендиги билдирилди.
Ливандын түштүгүндөгү Сур шаарында палестиналыктар жашаган Бурж еш - Шимали качкындар лагериндеги бир арсеналда болгон жарылууда каза болгондор жана жаракат алгандардын бар экендиги билдирилди.
Өлкөнүн расмий маалымат агенттиги ННА Бурж еш - Шимали качкындар лагеринде палестиналык бир группага таандык арсеналда болгон жарылууда каза болгондор жана жаракат алгандардын болгондугун маалымдады.
Жарандык коргонуу топтору өрттү өчүргөн Бурж еш - Шимали качкындар лагеринде окуя болгон жерди курчоого алган Ливан коопсуздук күчтөрү аймакка эч кимди жакындатпастан, каза болгон жана жаралангандардын саны тууралуу маалымат бербеди.
Бул тууралуу палестиналык топтордон же Ливан расмий мекемелеринен азырынча маалымат бериле элек.
БУУнун маалыматына караганда Ливандагы 12 Палестина качкындар лагеринин бири болгон Бурж еш - Шимали качкындар лагеринде 20 000 палестиналык качкын жашап жатат.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.