АКШнын Анкара элчиси Флейн ант берди

Флейк 2019 - жылы мурдагы президент Дональд Трамптын башкаруусу жана Республикалык партиянын саясаты бөлүндү деген жүйө менен сенаттан кеткен.

1746052
АКШнын Анкара элчиси Флейн ант берди

АКШнын Анкарадагы жаңы элчиси болуп дайындалган Жефф Флейк бүгүн ант берип, расмий түрдө наамын алды.

АКШнын президенти Жо Байден тарабынан АКШнын Анкара элчилигине сунушталган жана талапкерлиги октябрь айында сенат тарабынан жактырылган Флейк АКШнын вице - президенти Камала Харристин алдында ант берди.

Харрис твиттерден берген маалыматында  Флейктин ант берүү аземинен тартылган кадрды бөлүшүп : "Бүгүн мен Жефф Флейктин Түркиядагы жаңы элчи катары ант берүү урматына ээ болдум. Мен Флейк менен сенатта иштедим жана анын бул өлкөгө болгон сүйүүсүн жакындан көрдүм",- деп билдирген.

Республикачыл болгонуна карабастан 2020- жылдагы президенттик шайлоодо демократ Байденди колдогон Флейк 2013 – 2019 -  жылдары АКШ сенатында Аризона штатынын сенатору жана 2001 – 2013 - жылдары Өкүлдөр палатасынын мүчөсү болгон.

Флейк 2019 - жылы мурдагы президент Дональд Трамптын башкаруусу жана Республикалык партиянын саясаты бөлүндү деген жүйө менен сенаттан кеткен.

 



Тектеш кабарлар