Улуу Британия Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялайт

Жонсон Общиналар палатасында жасаган билдирүүсүндө өкмөт Кытайдагы адам укуктарынын бузулушу жөнүндө өзүнүн тынчсыздануусун айтуудан тартынбаганын билдирди.

1744853
Улуу Британия Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялайт

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон спортчулардын Кытайдын борбор шаары Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарына катыша аларын, бирок министрлер менен аткаминерлер дипломатиялык бойкот жарыялай турганын айтты.

Жонсон Общиналар палатасында жасаган билдирүүсүндө өкмөт Кытайдагы адам укуктарынын бузулушу жөнүндө өзүнүн тынчсыздануусун айтуудан тартынбаганын билдирди.

Спорт бойкотторун логикалуу деп ойлобогондугун жана мунун өкмөттүн саясаты болуп кала берерин белгилеген Жонсон: «Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарына эффективдүү дипломатиялык бойкот болот, ага министрлер же расмий өкүлдөрдүн катышуусу күтүлбөйт»,-деди.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) да Кытайдын адам укуктарын бузуусунан улам Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялай турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар