Индияда башкы штаб башчысы да орун алган тик учак кырсыгы боюнча иликтөө башталды

Индиянын башкы штабынын башчысы Бипин Рават баш болгон 14 кишини ташыган аскердик тик учак кечээ Тамил Наду штатында кулап түшкөн.

1745175
Индияда башкы штаб башчысы да орун алган тик учак кырсыгы боюнча иликтөө башталды

Индияда 13 кишинин каза болушуна алып келген аскердик тик учактын кыйрашына байланыштуу иликтөө иштери башталды, анын ичинде башкы штабдын башчысы Бипин Рават да бар.

Hindustan Times гезитинин кабарына караганда, парламентте темага байланыштуу билдирүү жасаган Индиянын коргоо министри Ражнат Сингх, тик учактын кыйрашына байланыштуу иликтөө жүргүзүлө турганын айтты.

Сингх, Аба күчтөрүнүн машыгуу командири жана тик учак учкучу авиация маршалы Манавендра Сингх жетектеген тергөө тобунун кечээ Веллингтонго (Жаңы Зеландиянын борбор шаары) келгенин жана ишке киришкенин билдирди.

Сингх, тик учак кулаганга чейин «шашылыш» белгисин бербегенин жана аймакта эч кандай жагымсыз аба ырайынын катталбаганын айтты.

Индиянын башкы штабынын башчысы Бипин Рават баш болгон 14 кишини ташыган аскердик тик учак кечээ Тамил Наду штатында кулап түшкөн.



Тектеш кабарлар