Европа Биримдиги Ирандан өзөктүк сүйлөшүүлөрдө тез жылыш болушун күтүүдө...

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян бүгүн Венада улана турган өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн алдында телефон аркылуу сүйлөштү.

1745107
Европа Биримдиги Ирандан өзөктүк сүйлөшүүлөрдө тез жылыш болушун күтүүдө...

Европа Биримдиги Австриянын борбор шаары Венада боло турган өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасында тез жылыш болушу керек экенин Иранга билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян бүгүн Венада улана турган өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн алдында телефон аркылуу сүйлөштү.

Боррель социалдык медиа эсебинен Иран тараптын талабы боюнча өткөрүлгөн жолугушуу тууралуу маалымат берди. Боррель Абдуллахиянга «шашылыш» зарылдыгын билдиргенин белгилеп: «Биз өзөктүк келишимди калыбына келтирүү үчүн сүйлөшүүлөрдө тезирээк жүрүшүбүз керек»,-деген сөздү колдонгон.

Ирандын өзөктүк келишиминин толук аткарылышы жана АКШнын келишимге кайтуусу талкууланган сүйлөшүүлөр 5 айга жакын тыныгуудан кийин 29-ноябрда улантылып, сүйлөшүүлөргө 3-декабрда кайра тыныгуу берилген.

Өзөктүк келишимдин координатору, башкы катчынын орун басары жана Евробиримдиктин тышкы байланыштар кызматынын саясий директору Энрике Моранын жетекчилигинде Венада Орусия, Кытай, Германия, Франция, Англия менен Ирандын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, тараптар бир пикирге келе албагандыктан убактылуу токтотулган.

Иран делегациясы мурунку сүйлөшүүлөрдө макулдашылган келишим долбооруна кеңири өзгөртүүлөрдү киргизгенин жүйө келтирген европалык тараптар, Тегеранды сүйлөшүүлөрдө «катаал позиция» көрсөткөнү үчүн айыптоодо. Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян болсо чечүүчү сунуштардын өзөктүк келишимге дал келерин жактоодо.



Тектеш кабарлар