Англия Орусияны Украина боюнча эскертти...

Трасс өлкөсүнүн борбор шаары Лондондо Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушту.

1745090
Англия Орусияны Украина боюнча эскертти...
Dmitro Kuleba.jpg

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс Орусиянын Украинага кол салышы стратегиялык ката болорун айтты.

Трасс өлкөсүнүн борбор шаары Лондондо Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушту.

Жолугушууга байланыштуу билдирүү жасаган Трасс, Украинанын бүгүнкү күндөгү абалынын Орусиянын мурда көрүнгөн тактикаларынын бири экенин белгиледи.

Британиянын тышкы иштер министри Трасс: «Орусия демократиялык кошуналарын көзөмөлдөш үчүн бейстабилдештирүүгө бекер аракет кылып жатат»,-деп баса белгиледи.

Лиз Трасс: «Улуу Британия, НАТО жана биздин европалык өнөктөштөр менен бирге Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдоону улантабыз. Биз эркиндик чектерин коргоодо жана өнүктүрүүдө өнөктөштөрүбүздүн жанындабыз. Биз Орусияны чыңалууну басаңдатуу жана аскерлердин кыймылы тууралуу кабарлоо жана олуттуу сүйлөшүүлөр үчүн үстөлгө кайтуу менен катар  эл аралык милдеттенмелерин аткарууда чакырабыз. Орусиянын кол салуусу стратегиялык ката болот жана кесепеттерге алып келет»,-деди.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба болсо  Орусия анын өлкөсүнө басып кирсе, көптөгөн орус аскерлери өлөт деп айтты.

Кулеба, британ медиа уюму Sky Newsке жасаган билдирүүсүндө, Орусияны токтотуу үчүн Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Британия сыяктуу союздаштары менен иштешкендерин белгиледи.

Украина армиясынын өлкөнү коргоого даяр экенин баса белгилеген Кулеба: «Алар (союздаштар) экономикалык жактан кол салышы мүмкүн. Биз дагы жерде согушабыз. Мун айтканым үчүн кечиресиз, бирок каза болгон орус аскерлери көп болот жана биз Орусиянын президенти Владимир Путин муну каалабайт деп үмүттөнөбүз»,-деген пикирин айтты.



Тектеш кабарлар