Камышлыда энелер ПКК/ЙПГ тарабынан уурадлган кыздарынын бошотулушу үчүн акция уюштурду
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Камышлыдагы кеңсесинин алдында пландалган демонстрация ЙПГ/ПКК террористтеринин БУУнун кеңсесине барчу жолдорду тосушунан кийин райондун борборундагы Ферман ооруканасынын алдында өткөрүлдү.

Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын басып алган Хасеке аймагынын Камышлы районунда «согушкер бала» отряды үчүн барымтага алынган кыздардын энелери жана жакындары уюмга каршы акциясын улантты.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Камышлыдагы кеңсесинин алдында пландалган демонстрация ЙПГ/ПКК террористтеринин БУУнун кеңсесине барчу жолдорду тосушунан кийин райондун борборундагы Ферман ооруканасынын алдында өткөрүлдү.
Энелердин кармаган баннерлерин түшүрүп, күч менен акцияны таратууга аракет кылган ЙПГ/ПКК террористтери акцияга катышкан Шемс аттуу жазуучу аялды кармаганы белгилүү болду.
Демонстрациялардан кийин Ирактын Күрт Аймактык Башкармалыгы (ИКАБ) тарабынан негизделген Рудав каналынын кеңсесин басып алып, 6 кызматкерин кармап кеткен ЙПГ/ПКК, ар башка маалымат каражаттарынан дагы 3 медиа кызматкерин камакка алды.
Мурдагы мезгилдерде Хасекеде көп сандаган баланы качырган жана аларды күч менен өз катарына кошкон ЙПГ/ПКК террористтери 5-август жана 21-ноябрь күндөрү Хасекенин Амуда районунан үчөөсү бала менен катар жалпы 8 кыз жана эркек баланы барымтага алышкан.
Үй-бүлөлөр да уурдалган балдарын бошотуу үчүн демонстрацияларды уюштурушту.
Тектеш кабарлар

Эфиопияда безгек оорусунан 36 адам каза болду
Безгек оорусунан туура эмес тамактанган балдар жана энелер көп жабыркайт.