Байден Европадагы союздаштары менен Украина маселесин сүйлөштү

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Байден Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Италиянын премьер-министри Марио Драги жана Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1744120
Байден Европадагы союздаштары менен Украина маселесин сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путин менен өткөрө турган видеоконференцияга чейин Франция, Германия, Италия жана Англиянын лидерлери менен Украина маселесин талкуулады.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Байден Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Италиянын премьер-министри Марио Драги жана Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда лидерлер Орусиянын Украина чек арасында аскерлерин топтошуна жана барган сайын катаал риторикасына тынчсызданып жатканын билдиришти.

Орусияны чыңалууну басаңдатууга чакырган лидерлер, айрыкча Нормандия форматы аркылуу жүргүзүлө турган дипломатиянын Донбасстагы көйгөйдү Минск келишимдери аркылуу чечүүнүн жалгыз жолу экенин баса белгилешти.

Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыктарын баса белгилеген лидерлер маселеге орток мамиле кылуу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашты.

Ошол эле учурда Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Орусия-Украина чыңалуусун жөнгө салуу үчүн бардык дипломатиялык ыкмаларды колдоно тургандарын, эгер Орусия Украинага кол салса, аскердик кийлигишүү алардын биринчи тандоолорунун арасында эмес экенин айтты.



Тектеш кабарлар