Путин менен Байден эртең сүйлөшөт

Дмитрий Песков, эртең өтө турган Путин-Байден сүйлөшүүсү тууралуу журналисттерге билдирүү жасады.

1743622
Путин менен Байден эртең сүйлөшөт

Орусиянын президенти Владимир Путин эртең АКШнын (АКШ) президенти Жо Байден менен Украина маселесин талкуулайт.

Орусиянын президенттигинин (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, борбор калаа Москвада эртең видеоконференция аркылуу өтө турган Путин-Байден сүйлөшүүсү тууралуу журналисттерге билдирүү жасады.

Сүйлөшүүнүн түз эфирде көрсөтүлбөй турганын маалымдаган Песков, эки лидердин 16-июнда Швейцариянын Женева шаарында макулдашылган маселелерди талкуулай тургандарын айтты.

Песков: «Албетте, начар абалда турган эки тараптуу мамилелер каралат. Эки лидер күн тартибиндеги маселелерди сүйлөшөт. Булардын арасында биринчи кезекте Украинадагы чыңалуу, НАТОнун чек араларыбыз карай илгерилеши, Путиндин коопсуздук кепилдигине байланыштуу демилгеси бар»,- деди.



Тектеш кабарлар