Кенияда жүргүнчү автобусу дарыяга кулап кетти

Китуи губернатору Чариту Нгилу билдирүүсүндө, 4-декабрда провинцияда үйлөнүү тоюна бара жаткан автобус көпүрөдөн өтүүгө аракет кылып жатып дарыяга кулап кеткенин айтты.

1743494
Кенияда жүргүнчү автобусу дарыяга кулап кетти

Кенияда үйлөнүү үлпөтүнө бара жаткан жүргүнчү автобус көпүрөдөн өтүүгө аракет кылып жатканда дарыяга кулап, 31 адам каза болду.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Китуи губернатору Чариту Нгилу билдирүүсүндө, 4-декабрда провинцияда үйлөнүү тоюна бара жаткан автобус көпүрөдөн өтүүгө аракет кылып жатып дарыяга кулап кеткенин айтты.

Кырсыктан кийин 12 кишинин коопсуз жерге качууга үлгүргөнүн белгилеген Нгилу 31 кишинин сөөгүнүн табылганын белгиледи.

Нгилу: «Чындыгында өтө кайгылуу. Биз көптөгөн адамдарыбыздан ажырадык»,-деди.

Нгилу аймакта издөө-куткаруу иштеринин уланганын белгилеп, каза болгондордун санынын көбөйүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.



Тектеш кабарлар