Байден убактылуу бюджет долбоорун бекитти

Убактылуу бюджетти бекитүү мүмкүн болбогон мезгилде чыгымдоо укугунан ажыраган федералдык мекемелер өз ишин убактылуу токтотот.

1742898
Байден убактылуу  бюджет долбоорун бекитти

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден федералдык өкмөттүн каржылоонун жетишсиздигинен улам ишин токтотуусуна жол бербөөчү убактылуу бюджет мыйзамына кол койду.

Ушундайча өлкөдө 2021 финансылык жылы акырына чыккан 30 -сентябрда кабыл алынган убактылуу бюджет мөөнөтүнүн толушуна бир нече саат калганда жаңы убактылуу бюджет ишке кирди.

Убактылуу бюджет долбоорунун АКШнын жергиликтүү убактысы боюнча жума күнү түн жарымынан мурда бекитилиши менен өкмөттүн жабылышы алдына алынды.

Американын мыйзамдарына ылайык, Конгресс 1 - октябрда башталып 30 - сентябрда аяктай турган финансылык жылдын туруктуу бюджетин беките албаса, убактылуу бюджеттер кыскартылат.

Убактылуу бюджетти бекитүү мүмкүн болбогон мезгилде чыгымдоо укугунан ажыраган федералдык мекемелер өз ишин убактылуу токтотот.



Тектеш кабарлар