Илимпоздор климаттын 1,5 миллион жылдык тарыхын изилдешет

Төрт жылга созула турган изилдөө үчүн керектүү жабдуулар Антарктиданын эң бийик жерлеринин бирине орнотулат.

1742233
Илимпоздор климаттын 1,5 миллион жылдык тарыхын изилдешет

Илимпоздор Антарктидада жердин климатынын 1,5 миллион жылдык тарыхын ачып бере турган бургулоо изилдөөсүнө даярданып жатышат.

Төрт жылга созула турган изилдөө үчүн керектүү жабдуулар Антарктиданын эң бийик жерлеринин бирине орнотулат.

"EPICA долбоору" деп аталган изилдөөнүн алкагында команда кала турган лагер эки жыл мурун курулган.

Бургулоонун негизинде узундугу 3 километрге жеткен цилиндр формасындагы муз массасы чыгарылат.

Изилдөөчү топ келерки сезондо алгачкы 100 метрде бургулоо иштерин баштоону пландаштырууда.

Ушундайча илимпоздор муз катмарларынын тереңине түшкөн болот.

Окумуштуулар бул изилдөө Жердин өткөндөгү муз доорлору эмне үчүн тез-тез өзгөрүп жатканын түшүнүүгө жардам берет деп үмүттөнүшөт.



Тектеш кабарлар