Франция БАЭге "Rafale" учагын сатат

«Рафале» үлгүсүндөгү согуштук учак жана тик учактын сатылуусу боюнча келишимге кол коюлду.

1742685
Франция БАЭге "Rafale" учагын сатат

Франция Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен «Rafale» тибиндеги 80 согуштук учакты сатуу боюнча келишимге кол койду.

Елисей сарайынын билдирүүсүнө караганда, БАЭге барган Франциянын президенти Эммануэль Макрон Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы шейх Мухаммед Бин Зайед Аль Нахайян менен 80 даана «Рафале» үлгүсүндөгү согуштук учак жана 12 тик учактын сатылуусу боюнча келишимге кол койду.

Билдирүүдө бул сатуунун эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн натыйжасы экени белгиленди.

Учактардын ​​2027-жылдан тарта тапшырыла башталары айтылды.

Франция буга чейин Египетке 54, Катарга 36 жана Индияга 36 "Rafale" согуштук учагын саткан.



Тектеш кабарлар