Борбордук Африка Республикасында козголоңчулар Куанго шаарын алышты
2013 - жылдан бери болуп келе жаткан зордук - зомбулуктарда миңдеген мусулман өлтүрүлүп, 1 миллиондон ашуун адам жер которууга аргасыз болду.
Борбордук Африка Республикасынын (ОАК) Куанго шаарынын көзөмөлү «Өзгөрүүлөр үчүн патриоттук коалициясы» (CPC) тобунун колуна өттү.
Улуттук маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, өлкөнүн түндүгүндөгү Уака районундагы Куанго шаары КПК мүчөлөрүнүн кол салуусуна учурады.
Коопсуздук күчтөрү менен КПК мүчөлөрүнүн ортосундагы узакка созулган кагылышуулардан кийин шаар козголоңчулардын колуна өттү.
Шаардагы аскерлер Бамбари шаарына чегиништи.
Шаар козголоңчулардын көзөмөлүнө өткөндөн кийин аймактын тургундарынын да шаардан чыга баштаганы билдирилди.
2013 - жылдан бери болуп келе жаткан зордук - зомбулуктарда миңдеген мусулман өлтүрүлүп, 1 миллиондон ашуун адам жер которууга аргасыз болду.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.