АКШдан Кытайга гиперүндүү курал боюнча каршы чыгуу...
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулга жасаган иш сапарынын алкагында кесиптеши Сух Вук менен жолугушту.
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кытайдын гиперүндүү куралдарын издөөсү «аймакта чыңалууну күчөттү» деп жарыялады.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулга жасаган иш сапарынын алкагында кесиптеши Сух Вук менен жолугушту.
Кытайдын гиперүндүү курал издөөсүнүн аймактагы чыңалууну арттырганына көңүл бурган Остин, АКШнын Кытайдан келип чыккан потенциалдуу коркунучтарга бөгөт коюу аракетин уланта турганын айтты.
Кытайдын аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө тынчсыздануусун билдирген Остин, Америка Кошмо Штаттарына жана анын союздаштарына болгон потенциалдуу коркунучка каршы коргонуу жана тоскоолдук мүмкүнчүлүктөрүн сактап калууну уланта турганын белгиледи.
Түштүк Кореянын коргоо министри Сух менен Түндүк Кореядан келген коркутууларды жана түрдүү темаларды сүйлөшкөндөрүн билдирген Остин, Түндүк Кореянын ракеталык жана башка курал программаларынын аймактык коопсуздукту дагы да ыраатсыздаштырганы боюнча макулдашкандарын айтты.
Сух ошондой эле Түштүк жана Түндүк Корея менен Түндүк Корея менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мурдагы милдеттенмелерге негизделген дипломатия жана диалогдун Корей жарым аралында туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн маанилүү шарт экенин белгиледи.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.