Сауд Арабия Кабулда консулдук бөлүмүн ачты

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинин бул тууралуу билдирүүсү, өлкөнүн расмий агенттиги SPAда жарыяланды.

1741394
Сауд Арабия Кабулда консулдук бөлүмүн ачты

Сауд Арабия Ооганстандын борбору Кабулдагы элчилигинин имаратында консулдук бөлүмүн ачканын маалымдады.

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинин бул тууралуу билдирүүсү, өлкөнүн расмий агенттиги SPAда жарыяланды.

Билдирүүдө: «Сауд Арабиянын Кабулдагы элчилигинин консулдук бөлүмү шейшембиден тарта ачылды» деп айтылды.

Бул чечимдин «Сауд Арабия өкмөтүнүн афган элине бардык консулдук кызматтарды көрсөтүү каалоосунан келип чыкканы» белгиленди.

Сауд Арабия Ооганстандагы гуманитардык кырдаалды талкуулоо үчүн 29-ноябрда Ислам Кызматташтык Уюмун (ИКУ) кезексиз жыйынга чакырган болчу.

Эр-Рияд кезексиз жыйын үчүн Пакистан сунуш кылган 17-декабрдын ылайыктуу болушу мүмкүн экенине көңүл бурган. 



Тектеш кабарлар