АКШда орто мектепке куралдуу кол салуу болду
Кол салгычтын ошол эле мектепте окуган 15 жаштагы эркек экени кабарланды.
АКШнын Мичиган штатындагы орто мектепте болгон куралдуу кол салууда үч адам каза тапты.
Окленд округунун Шериф кеңсеси, Оксфорд орто мектебинин окуучусу мектепке алып барган куралы менен 6 адамды жарадар кылганын билдирди.
Мектепке SWAT тобу абадан тик учак менен кийлигишип, куралчан окуучу кармалды.
Окуучунун куралынан 15тен 20га чейин ок табылганы, колго түшүрүү учурунда кол салгычтын каршылык көрсөтпөгөнү айтылды.
Шектүүнүн кол салуунун себебин айтуудан баш тартканы, анын жалгыз кыймыл кылганы белгиленди.
Кол салгычтын ошол эле мектепте окуган 15 жаштагы эркек экени кабарланды.
Жетекчилер Мичиганда 40 жылдан бери мындай кол салуу болбогонун билдиришти.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.