Сомалиде кургакчылыктын айынан бир жумада 7 адам каза болду

Каза болгон 7 адамдын алтоосу балдар.

1740411
Сомалиде кургакчылыктын айынан бир жумада 7 адам каза болду

Сомалиде узакка созулган кургакчылыктан улам акыркы бир жумада  7 киши каза болду алардын ичинен алтоосу балдар болгон.

Луук шаарынын жергиликтүү башкаруучусу Ибрахим Абдинур кургакчылыктын өлүмгө алып келгендигин белгилеп : «Өлкөдө уланып жаткан кургакчылыктан улам Гедо аймагында 7 адам, анын ичинде 6 бала каза болду»,- деди.

Каза болгондордун бири 5 баланын энеси экени тууралуу маалымат билдирген Абдинур тамак-аш, суунун жоктугунан адегенде балдары, андан кийин апасы каза болгонун айтты.

Абдинур кургакчылык бүткүл аймакты кыйратып, азыркы абалдын оор болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Жергиликтүү тургун Надиф Абдишакур Мухаммед коопсуздук күчтөрү менен Аль-Шабаабдын ортосундагы кагылышуулардан улам муктаж болгондорго жардам жеткирилбей жатканын белгиледи.

Бир тараптан акыркы 2 айда эле Жубаланд аймагында 100 000 үй жаныбары кургактыкка байланыштуу суусуздуктан улам өлдү.

Сомали өкмөтү 23 - ноябрда таасирин күчөткөн кургакчылыктан улам өлкө боюнча «өзгөчө кырдаал» жарыялады.

Бириккен Улуттар Уюмунун  маалыматы боюнча, 2020 - жылдын аягынан бери үчүнчү жолу мезгилдүү жаан-чачындар жетишсиз болгон өлкөдө миллиондогон адамдар  жардамга муктаж.

1990 - жылдан бери Сомали климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суу ташкындары жана кургакчылык сыяктуу 30дан ашык табигый кырсыктарды башынан өткөрдү.



Тектеш кабарлар