Пентагон чет өлкөлөрдөгү аскердик жөндөмдүүлүктөрү жөнүндө маалымат берди

Бул темада Пентагондо жогорку даражалуу аткаминер журналисттерге билдирүү жасады.

1740549
Пентагон чет өлкөлөрдөгү аскердик жөндөмдүүлүктөрү жөнүндө маалымат берди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон) президент Жо Байден кызматка киришкенден көп өтпөй анын көрсөтмөсүнө ылайык, Глобалдык жайгаштыруу боюнча иликтөөсүн аяктады.

Бул темада Пентагондо журналисттерге билдирүү жасаган жогорку даражалуу аткаминер, АКШнын Индо-Тынч океан аймагында аскердик жактан бар болушу жана Кытай менен болгон атаандаштык аталган иликтөөнүн негизги өзөгү экенин белгилеп, Австралия менен катар Тынч океандагы кээ бир аралдарга туруктуу күчтөрдү жайгаштыра тургандарын баса белгиледи.

Глобалдык жайгаштыруу иликтөөсүнүн негизинде Тынч океан аймагында жаңы жайгаштыруулар үчүн изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын белгилеген аткаминер, келечекте Европага кошумча аскердик күчтөрдүн жөнөтүлө турганын белгиледи.

Президент Жо Байдендин мурдагы президент Дональд Трамптын Германиядагы аскерлеринин санын 25 миңге кыскартуу чечиминен баш тартканын эске салган аткаминер, коргоо министри Ллойд Остиндин иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгына таянып, 500 аскерден турган бөлүктүн, белгилүү сандагы тик учактардын жана аймактык коргонуу жөндөмдүүлүгүнө ээ аскер күчтөрүн бул өлкөгө киргизүүгө буйрук бергендиги тууралуу маалыматты бөлүштү.

Иликтөө отчетунун сунушу менен АКШнын Жакынкы Чыгыштагы кээ бир ракетадан коргонуу системаларын жана деңиз күчтөрүн Европа жана Тынч океан аймагына өткөргөнүн түшүндүргөн аткаминер, Иранга каршы кыр көрсөтүү жана ДЕАШка каршы күрөш үчүн колдоо көрсөтүү үчүн керектүү күчтөрдү берүүнү улантуу сунушталганын кеп кылды.

Расмий өкүл АКШнын Жакынкы Чыгыштагы жана Африкадагы аскердик жактан бар болушуна баа берүүнүн уланып жатканын жана бул аймактардан күчтөрдү жылдырууну улантуусу мүмкүн экенин айтты.



Тектеш кабарлар