Moderna: «Омикрон вариантына каршы жаңы вакцина иштелип чыгышы керек»

Modernaнын башкы жетекчиси Стефан Бансел «Financial Times» гезитине маалымат берди.

1740972
Moderna: «Омикрон вариантына каршы жаңы вакцина иштелип чыгышы керек»

Америкалык фармацевтикалык компания Moderna коронавирустун (Ковид-19) Omicron вариантына каршы жаңы вакцинаны иштеп чыгуу керектигин билдирди.

Modernaнын башкы жетекчиси Стефан Бансел «Financial Times» гезитине берген маегинде, аты аталган варианттагы мутациялардын Omicronдун учурдагы вакциналар тарабынан берилген коргоодон качууга жардам бергенин айтты.

Бансел ушундан улам жаңы вакцинанын иштелип чыгышы керектигин билдирди.

Омикронго каршы жаңы вакцинаны иштеп чыгуу үчүн бир нече айдын талап кылынышы мүмкүн экенин белгилеген Бансел, бул вариант Ковид-19дун адам клеткаларына жабышып, ичине кирип кетишин камсыздаган спайк протеининде көптөгөн мутацияларды пайда кылаарын айтты.

Бансел учурдагы вакциналардын келерки жылы алмаштырылышы мүмкүн экенин белгиледи.

Омикрон вариантындагы 50 мутациянын 32синин спайк протеининде болушунан улам окумуштуулардын кооптонуп жатканын билдирген Барсел, азыркы вакциналардын Omicronго каршы таасирине байланыштуу көрсөткүчтөрдүн эки жуманын ичинде даяр болушу керек экенине көңүл бурду.

Омикронго каршы вакцинанын көп санда чыгарылышынын бир нече айга созуларын баса белгилеген Бансел, бул убакыт ичинде карыларга же иммундук системасы начарларга күчтүү эскертүү дозасы берилсе болоорун айтты.

Бансел Модеранын 2022-жылы 2-3 миллиард доза вакцина чыгарышы мүмкүн экенин ойлогондугун билдирди.



Тектеш кабарлар