Испанияда өрт чыкты

Өрттүн кесепетинен 4 адам көз жумду.

1740856
Испанияда өрт чыкты

Испаниянын Барселона шаарында пакистандык 8 үй-жайсыз иммигрант баш калкалаган имаратта чыккан өрттөн 2си бир үй-бүлөнүн балдары болгон жалпы 4 киши каза тапты.

Барселона муниципалитетинин жана өрт өчүрүүчүлөрдүн билдирүүсүнө караганда, эртең мененки саат 06.00 чамасында шаардын борборундагы Тетуан аянтындагы имараттан өрт сигналы түштү.

Өрт өчүрүүчү топтор окуя болгон жерге барганда 4 адамдын сөөгүн таап, жеңил жаракат алган 4 адамды куткарып калышты.

Бул арада жергиликтүү бийлик тарабынан жасалган билдирүүдө, өрт чыккан имараттын алдында саат 03.00 чамасында иммигранттардын ортосунда мушташ чыгып, полициянын окуя болгон жерге барып кийлигишкени белгиленди.

Өрт өчүрүүчүлөр өрттүн келип чыгуу себептери боюнча иликтөөлөрдүн жүрүп жатканын кабарлашты. 

Маалым болгондой, шаардагы 4800 үй-жайсыз адамдын 1064ү көчөдө жашайт.



Тектеш кабарлар