Бул жылдын толук Күн тутулушу 4 - декабрда болот

Күн тутулушун Антарктидадан  толук крүүгө болот.

1740992
Бул жылдын толук Күн тутулушу 4 -  декабрда болот

Бул жылкы бир гана толук Күн тутулушу 4 -  декабрда ишке ашат.

АКШ Улуттук авиация жана космостук мекемеси 4 -  декабрь ишемби күнү ишке аша турган Күн тутулушу Антарктидадан  көрүнөрүн билдирди. Күндүн тутулушу Антарктиданын Ронне муз текчесинин жээгине жакын жерде эң чоң өлчөмгө жетет.

Күндүн тутулушунун бир бөлүгүн Австралия, Чили жана Жаңы Зеландиянын айрым аймактарынан да көрүүгө болот.

Күндүн кийинки толук тутулуусу 2024 - жылдын 8 -апрелинде болот.

Ал Канадада, Мексикада жана АКШнын айрым бөлүктөрүндө кеңири көрүлөт.

Ошол эле учурда, бул кылымда Европада күндүн толук тутулушу күтүлбөйт.



Тектеш кабарлар