Иран: «Түркия менен карым-катнаштарды көп кырдуу өнүктүрүү чечими кабыл алынды»

Абдуллахиян Ирандын президенти Раиси менен президент Эрдогандын жолугушуусу тууралуу маалымат берди.

1740038
Иран: «Түркия менен карым-катнаштарды көп кырдуу өнүктүрүү чечими кабыл алынды»

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян, президент Режеп Таййип Эрдоган менен ирандык кесиптеши Ибрахим Раисинин жолугушуусунда эки өлкөнүн карым-катнаштарын көп кырдуу түрдө өнүктүрүү чечими кабыл алынганын билдирди.

Абдуллахиян Твиттер баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, Раиси менен президент Эрдогандын Түркмөнстандагы Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 15-саммитинин алкагында өткөргөн жолугушуусу тууралуу маалымат берди.

Түркия менен Ирандын президенттеринин жолугушуусунун достук жана чын ыкластуу маанайда өткөнүн белгилеген Абдуллахиян: «Карым-катнаштарды көп кырдуу өнүктүрүү чечими кабыл алынды. Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле тарыхый болуп саналат. Эки лидер Эрдогандын Тегеранга жасай турган сапары учурунда Жогорку Комиссиянын (Түркия-Иран Жогорку деңгээлдеги Кызматташтык Кеңеши) жыйынын өткөрүү боюнча макулдашты»,-деди.

ЭКУнун 15-саммитине катышуу үчүн Түркмөнстанга барган президент Эрдоган менен Ирандын президенти саммиттин алкагында жабык эшик артында жолугушуу өткөргөн болчу.



Тектеш кабарлар