Газпромдон рекорддук киреше

Компаниянын таза кирешесинин үчүнчү чейректе өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 70 пайызга өсүп 2,4 триллион рублга жеткени белгиленди.

1740217
Газпромдон рекорддук киреше

Орусиянын энергетикалык компаниясы Газпромдун быйылкы жылдын үчүнчү чейрегиндеги таза кирешеси 581,8 миллиард рубль менен рекорддук деңгээлге жетти.

Газпромдун билдирүүсүндө, компаниянын таза кирешесинин үчүнчү чейректе өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 70 пайызга өсүп 2,4 триллион рублга жеткени белгиленди.

Өткөн жылдын үчүнчү чейрегинде 251 миллиард рубль жоготкон компаниянын, быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 581,8 миллиард рубль (болжол менен 7,8 миллиард доллар) кирешеси менен рекорд жаңыртканы маалымдалды.

Газпромдун жаратылыш газ экспортунан түшкөн кирешеси 2020-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 39,6 пайызга азайып 25,2 миллиард долларга кыскарган болчу.



Тектеш кабарлар