Косоводо автобуска кол салуу болду
Кол салууда 2 окуучу каза болуп, 1 окуучу жаракат алды.
1739570
Косоводо студенттерди ташыган автобуска белгисиз адамдар тарабынан жасалган куралдуу кол салууда 3 адам каза болду. Декани шаарына жакын жерде белгисиз адамдар студенттерди ташыган автобуска ок аткан.
Кол салууда автобустун айдоочусу жана 2 окуучу каза болуп, 1 окуучу жараланды.
Кол салгандардын беткап таккандыгы, автоматтар менен ок аткандыгы белгиленди. Кол салуу боюнча иликтөө иштери башталды.