Азербайжан менен Армения чек аралар тууралуу кадам таштоо боюнча келишти

Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер - министри Никол Пашиняндын Сочидеги үч тараптуу жолугушуусунан кийин биргелешкен билдирүү жарыяланды.

1739527
Азербайжан менен Армения чек аралар тууралуу кадам таштоо боюнча келишти

Азербайжан менен Армения чек аралардын белгилениши тууралуу эки тараптуу комиссия түзүүгө карата кадамдарды таштоо боюнча  келишти.

Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер - министри Никол Пашиняндын Сочидеги үч тараптуу жолугушуусунан кийин биргелешкен билдирүү жарыяланды.

Азербайжан - Армения чек арасында ырааттуулук жана коопсуздуктун арттырылышы темасында орток пикирге барылгандыгы белгиленген билдирүүдө Азербайжан менен Армениянын чек араларды аныктоо боюнча эки тараптуу комиссия түзүүгө кадам таштоо боюнча макулдашканы белгиленди.

Билдирүүдө Россиянын тараптардын талабы боюнча колдоо көрсөтөрү, Россиянын Азербайжан менен Армениянын ортосундагы коңшулук карым- катнаштардын курулушу үчүн колдоо көрсөтүүнү улантары маалымдалды.

Билдирүүдө Карабахтын экономикалык потенциалын ортого чыгаруунун мааниси баса белгиленип, лидерлердин көйгөйлөрдү тез арада чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди активдештирүү боюнча макулдашышканы билдирилди.

3 саатка жакын сүйлөшүүдөн кийин Алиев жана Пашинян менен маалымат берген Путин үч тараптуу саммиттин конструктивдүү өткөндүгүн айтып : «Эң маанилүү деп ойлогон айрым маселелерде макулдашуу түзүлдү. Булардын биринчиси эки өлкөнүн ортосундагы чек ара тилкелерин аныктоо механизмдерин түзүү",- деди.

Башка бир маанилүү маселенин экономика экендигин белгилеген Путин : «Экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча кеңири сүйлөштүк. Баарынан мурда темир жолго да, автожолго да тиешелүү транспорт коридорлорундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кеңештик",- деп билдирди.

Путин Россия, Азербайжан жана Армениянын вице – премьер - министрлеринин келерки аптада Москвада жолугуп, иштерин улантышарын айтты.

Бул тууралуу Азербайжандын президенти Алиев : «Азербайжан катары биз көп жылдардан бери уланып келе жаткан чыр – чатактарды жаап, карым  - катнаштарды калыбына келтирүүгө даярбыз. Бул форматта да максаттарыбызга жетебиз деп ойлойм",- деди.

Россиянын Азербайжандын досу, стратегиялык өнөктөшү ал түгүл стратегиялык өнөктөштүктөн да жогору экенин баса белгилеген Алиев : «Россия менен Азербайжандын ортосундагы ишеним карым  - катнашынын деңгээли Армения менен эң кылдат маселелерде да бир жол табуубузду жеңилдетет. Жолугушуубуздун маанилүү жыйынтыкары болорун ойлоп жатам жана бул узакка созулбайт. Аймактагы кырдаал өзгөрт»,- деди.

Армениянын премьер  - министри Пашинян да : "Күн тартибиндеги бардык маселелерди ачык талкууладык. Кээ бир маселелер боюнча биз күткөндөй пикир келишпестиктер жок экенин байкадык",- деди.

Карабахтагы экономикалык жана транспорттук байланыштарды ачууда бирдей пикирге барышкандарын айткан Пашинян : «Армениянын,  армян калкы шайлаган өкмөт катары керектүү кадамдарды таштап, тынчтык мезгилин баштоого даяр экендигин ырастайм»,- деди.



Тектеш кабарлар