Тунисте мигранттар куткарылды

Куткарылган мыйзамсыз мигранттар Улуттук Гвардияга тапшырылуу үчүн Сафакс портуна алып арылды.

1739303
Тунисте мигранттар куткарылды

Тунистин түштүк - чыгышында жайгашкан Сафакска караштуу Керкене аралында балдар да болгон жүздөгөн мыйзамсыз мигрант куткарылды.

Тунис Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Жээк коопсуздук топтору берилген кабар боюнча Керкене аралына жакын жерде  мигранттарды ташыган кемени токтотту.

Операциянын натыйжасында кайыктан 93ү бала жана 13ү аял болгон 487 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

Мигранттардын 162си Египеттен, 104ү Бангладештен, 81и Сириядан, 78и Мароккодон, 13ү Эфиопиядан жана 49у башка Африка өлкөлөрүнөн экени белгиленди.

Куткарылган мыйзамсыз мигранттар Улуттук Гвардияга тапшырылуу үчүн Сафакс портуна алып арылды.



Тектеш кабарлар