Нигерияда 150 000ден ашуун бала ВИЧ жутурган

Батыш Африка өлкөсү болгон Нигерияда 150 000ден ашык бала адамдын иммундук жетишсиздик вирусу ВИЧ  жуктурган.

1738790
Нигерияда  150 000ден ашуун бала ВИЧ жутурган

Батыш Африка өлкөсү болгон Нигерияда 150 000ден ашык бала адамдын иммундук жетишсиздик вирусу ВИЧ  жуктурган.

Нигериянын СПИДге каршы күрөшүү боюнча улуттук программасы NACAнын директору Алию Гамбо өлкөнүн акыркы бир нече жылда ВИЧ/СПИДге каршы күрөштө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин билдирди.

Буга карабастан өлкөдө 150 000ден ашуун баланын ВИЧ инфекциясын алып жүргөнүн белгилеген Гамбо учурда 80 000 баланын гана үзгүлтүксүз дарыланганын айтты.

Өлкөдө болжол менен 1 миллион 800 миң кишинин ВИЧ илдети менен жашап жатканын белгилеген Гамбо алардын 90 пайызынын абалынан кабардар экенин, 96 пайызынын дарыланып жатканын айтты.

NACAнын ВИЧ/СПИДге каршы кампанияларын уланта турганын белгилеген Алию калкты вируска каршы тесттен өтүүгө чакырды.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар