Иран-БАЭ карым-катнаштарында жаңы барак ачылууда

Бакири БАЭдеги жолугушуулары тууралуу маалымат берди.

1738445
Иран-БАЭ карым-катнаштарында жаңы барак ачылууда

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Бакири, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен «эки тараптуу карым-катнаштарда жаңы барак ачууга» макулдашкандарын билдирди.

Бакири Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө, БАЭдеги жолугушуулары тууралуу маалымат берди.

БАЭ президентинин дипломатиялык кеңешчиси Энвер Гаргаш жана мамлекеттик министр Халифа Шахин ел-Марар менен жолукканын белгилеген Бакири: «Биз Иран-БАЭ карым-катнаштарында жаңы барак ачуу темасында макулдаштык»,-деди.

БАЭнин расмий агенттиги WAMдагы кабарда, Бакиринин Гаргаш жана Марар менен жолуккан жолугушууда, «жалпы кызыкчылыктарга ылайык жакшы коңшулукка негизделген карым-катнаштардын өнүгүп жатканы ырасталганы» белгиленди.



Тектеш кабарлар