БУУ Ливиядагы шайлоолор боюнча эскертти

БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингде Кубиш отставкага кетүү чечиминен кийин шайлоого чейин кызматын улантууну сунуш кылганын, бирок БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 10-декабрга чейин кызматта калуусун суранганын айтты.

1738563
БУУ Ливиядагы шайлоолор боюнча эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ливия боюнча атайын өкүлү Ян Кубиш отставкага кеткенин жарыялап, 24-декабрдагы шайлоо өткөрүлбөсө, Ливиянын дагы кагылышууларга тартыла турганын эскертти.

БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингде Кубиш отставкага кетүү чечиминен кийин шайлоого чейин кызматын улантууну сунуш кылганын, бирок БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 10-декабрга чейин кызматта калуусун суранганын айтты.

24-декабрга белгиленген президенттик шайлоо алдында Ливиядагы саясий климаттын өтө курч болгонун баса белгилеген Кубиш, бардык партияларды жана талапкерлерди саясий атаандаштарын урматтоого жана шайлоонун жыйынтыгын кабыл алууга чакырды.

Кубиш 24-декабрдагы шайлоо өткөрүлбөсө, Ливиядагы кырдаал курчуп, өлкө дагы бөлүнүү жана кагылышууларга түртүлөөрүн эскертти.

Бир тараптан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши биргелешкен билдирүү жасап, Ливияда 24-декабрда шайлоо өткөрүлүшү жана шайлоодон кийин тынчтык жолу менен өтүшү керектиги айтылды.

Ливиялык партиялардан саясий атаандаштарын жана шайлоонун жыйынтыктарын урматтоону талап кылган билдирүүдө, «Ливиядагы тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана коопсуздукка коркунуч туудурган, саясий өткөөл мезгилге, анын ичинде шайлоолорго тоскоол болгон же ага шек келтирген адамдар жана уюмдар санкцияга алынышы мүмкүн»,-делди.

Президенттик жана парламенттик шайлоонун эркин, адилет, ишенимдүү жана камтыган болушун талап кылган билдирүүдө шайлоодо аялдар менен жаштардын да катышуусу керектиги баса белгиленди.

Билдирүүдө бардык чет элдик аскерлерди жана жалданма аскерлерди өлкөдөн чыгарып кетүүгө чакырган.



Тектеш кабарлар