БУУ Эфиопияга азык - түлүк жардамын берет

БУУнун Дүйнөлүк азык - түлүк программасынын  Эфиопия кеңсесинин жазуу түрүндөгү  маалыматында, азык - түлүк жардамынын Десси жана Комболча аймактарында муктаж болгондорго жеткирилери белгиленди.

1738555
БУУ Эфиопияга азык - түлүк жардамын берет

Бириккен Улуттар Уюму  Эфиопиядагы 450 000 кишиге азык - түлүк жардамын берет.

БУУнун Дүйнөлүк азык - түлүк программасынын  Эфиопия кеңсесинин жазуу түрүндөгү  маалыматында, азык - түлүк жардамынын Десси жана Комболча аймактарында муктаж болгондорго жеткирилери белгиленди.

Маалыматта өкмөттүк күчтөр менен Тиграй элдик боштондук фронтунун ортосундагы кагылышуулардан жапа чеккен 450 000 эфиопиялыкка жакынкы эки жумада азык - түлүк жардамынын бериле турганы билдирилди.

Маалыматта Дүйнөлүк азык - түлүк программасынын Тиграйда 2,9 миллион кишиге, Амхарада 220 000 кишиге жана Афарда 124 000 кишиге азык - түлүк жардамын көрсөткөнү ортого салынып, эл аралык уюмдар да жардамга чакырылды.

Эфиопия өкмөтү 2 -  ноябрда түштүк тарапка жылууну уланткан  козголоңчу TPLFнын кол салууранынан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган.

TPLFнын борбор шаар Аддис Абабага жасалышы мүмкүн болгон кол салууларга каршы коргонуу боюнча атайын топтор түзүлгөн.

Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмеддин борбордук бийликке каршы козголоң баштаган TPLF менен күрөшүү үчүн ыйгарым укуктарын орун басарына өткөрүп берип,  кечээ фронтко баргандыгы билдирилген.

Өлкөнүн түндүгүндө бир жылдан ашык убакыттан бери болуп  келе жаткан  кагылышуулар  ​​болжол менен 2,5 миллион адамдын жер которууга мажбурлады. Аймактагы  5 миллиондон ашуун адам тез жардамга муктаж.

 



Тектеш кабарлар