Сербияда курал чыгарган ишкана жарылды

Жарылуунун себеби тууралуу кандайдыр бир билдирүү жасалган жок.

1737945
Сербияда курал чыгарган ишкана жарылды

Сербиянын борбор шаары Белградда ракета жана аскердик ок-дары өндүргөн бир ишканада жарылуу болуп, 2 жумушчу каза тапты.

Ишканада удаам-удаа жарылуулар болуп, кара түтүн шаардын жарымын каптап калды.

Окуя болгон жерге көп сандаган полиция жана өрт өчүргүчтөр барды.

2 жумушчу каза болгон окуяда 16 жумушчу жаркат алды. Жарылуунун себеби тууралуу кандайдыр бир билдирүү жасалган жок.

Ыктымалдуу дагы жарылуулардын алдын алуу үчүн ишкананын чөйрөсүндө коопсуздук чаралары көрүлдү.

Ишканадагы 260 чарчы метрдик амбарда 30 кг салмактагы жарылуучу заттары менен 500 ракета бар экендиги айтылды.

Түркиянын Белграддагы элчилигинин билдирүүсүндө тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун серб кесиптеши Никола Селакович менен сүйлөшүп, жарылуудан каза болгондор үчүн көңүл айтканы белгиленди.

 

 

 



Тектеш кабарлар