Шри - Ланкада паром оодарылды

Кырсыкта 6 адам каза болду.

1737449
Шри -  Ланкада паром оодарылды

Шри - Ланканын чыгышында паром оодарылып, кеминде 6 адам каза болду.

Деңиз  күчтөрүнүн басма сөз катчысы Индика де Силва өлкөнүн түндүгүндөгү Куринчакени аймагынан Кинния жээгине бара жаткан паромдун оодарылгандыгын жарыялады.

Силва паромдон 12 кишинин куткарылганын, эң аз 6 кишинин каза болгонун белгиледи.

Паромдогу адамдардын жалпы саны азырынча белгисиз экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар