Сауд Арабияда кар жаады

Сауд Арабиянын Улуттук метеорология борбору, абанын температурасы төмөндөй турганын билдирди.

1736718
Сауд Арабияда кар жаады

Сауд Арабиянын Түндүк чек ара аймагында жайгашкан Турейф шаарында кар жаады.

Спутник маалымдагандай, кардын жаашы шаардын бийик жана тоолуу аймактарында таасирдүү болуп, аймактагы көптөгөн жерлер акка бөлөндү.

Сауд Арабиянын Улуттук метеорология борбору, аймакта 7 градуска чейин төмөндөгөн температуранын нөлдөн төмөн түшүшү мүмкүн экенин жарыялады.



Тектеш кабарлар