Кытай Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Жүк ташуучу поезд Ооганстанга 12 күндө жетет.

1736910
Кытай Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Кытай Ооганстанга 1000 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, 50 контейнер кийим-кече, азык түлүк жана керектүү буюмдарды ташыган поезд Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунан жөнөп кетти.

Жүк ташуучу поезд Ооганстанга 12 күндө жетет деп күтүлүүдө.

Америка Кошмо Штаттарынын чегинүүсү менен талиптер көзөмөлдү колго алгандан бери Кытай Шинжаңдан Ооганстанга үч жүк ташуучу поезд менен жалпы 2600 тонна гуманитардык жардам жөнөттү.



Тектеш кабарлар