Япония 9 өлкөгө Ковид - 19 вакцинасын берет

Тышкы иштер министри Хаяши Йошимаса маалымат жыйынында өнүгүп келе жаткан 9 өлкөнүн эпидемияга каршы күрөшүн колдой тургандарын айтты

1736332
Япония  9 өлкөгө Ковид  - 19 вакцинасын берет

Жапония 9 өлкөгө  Ковид - 19  менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүү үчүн 3,7 миллион доза вакцина берет.

Тышкы иштер министри Хаяши Йошимаса маалымат жыйынында өнүгүп келе жаткан 9 өлкөнүн эпидемияга каршы күрөшүн колдой тургандарын айтты.

Хаяши Ковид-19 вакцинасынын 3,7 миллион дозасы Бангладеш, Камбоджа, Лаос, Тонга, Вануату, Никарагуа, Египет, Сирия жана Йеменге жөнөтүлө турганын айтты.

"Япония жергиликтүү өндүрүштү, дозалык запасын жана өлкөлөрдүн вакцина суроо-талабын эске алуу менен вакцина жардамын улантат",-  деди Хаяши.

Японияда өндүрүлгөн AstraZeneca вакциналарын камтый турган жардам Бириккен Улуттар Уюму тарабынан колдоого алынган Ковид-19 вакциналарына глобалдык жеткиликтүүлүк программасы (COVAX) аркылуу жеткирилет.

Киодо агенттиги Япониянын ар кайсы өлкөлөргө жөнөткөн вакцина жардамы  болжол менен 30 миллион дозага жеткенин билдирди.



Тектеш кабарлар