28 000ден ашуун афган АКШга "шарттуу гуманитардык бошотуу" үчүн кайрылышты

Федералдык жетекчилер АКШ жарандык жана миграция кызматы негизги гуманитардык себептер менен же олуттуу коомдук кызыкчылык үчүн «шарттуу гуманитардык бошотуу» статусунун берилгендигин эскертти.

1736160
28 000ден ашуун афган  АКШга "шарттуу гуманитардык бошотуу" үчүн кайрылышты

Кеминде 28 000 афгандын гуманитардык себептерден улам  АКШга убактылуу кабыл алуу үчүн кайрылды.

Федералдык жетекчилер АКШ жарандык жана миграция кызматы негизги гуманитардык себептер менен же олуттуу коомдук кызыкчылык үчүн «шарттуу гуманитардык бошотуу» статусунун берилгендигин эскертти.

28 000ден ашуун афгандын « шарттуу гуманитардык бошотуу» статусу үчүн кайрылгандыгын билдирген жетекчилер бул кайрылуулардын АКШнын Афганистандан чыгышы жана Талибандын өлкөнүн көзөмөлүн колго алышынан кыска убакыттан кийин башталгандыгын билдиришти.

Жетекчилер АКШга убактылуу кабыл алууга шарт түзгөн бул статус үчүн кайрылуулардан бир гана 100нүн кабыл алынгандыгын маалымдашты.

Бир тараптан АКШда жашаган афган үй  - бүлөлөр жана миграция топтору кабыл алуу процессинин кеч иштеши  кайрылган адамдардын коопсуздугун коркунучка  салгандыгын ойлошууда.

Статуска кайрылуу үчүн киши башына 575  доллар төлөнүшүнөн улам афгандардан АКШ жарандык жана миграция кызматына бир канча айда төлөнгөн акча көлөмү 10 миллион доллардан ашууда.



Тектеш кабарлар