Буркина - Фасодогу кол салууда каза болгондордун саны 53кө жетти

Министрлер Кеңеши кечээ чыгарган чечим менен эки жогорку мартабалуу командирди кызматтан алды.

1735530
Буркина  - Фасодогу кол салууда каза болгондордун саны 53кө жетти

Жекшемби күнү Буркина - Фасонун түндүгүндө армияны бутага алган террордук кол салууда каза болгондордун саны 53кө жетти.

Коммуникация министри жана өкмөттүн катчысы Уссени Тамбура түндүктөгү Сум районунда жандармерия бөлүгүнө карата жаслаган террордук кол салууда 49 жандармерия жана 4 жарандын каза болгондугун белгиледи.

Бир тараптан Министрлер Кеңеши кечээ чыгарган чечим менен эки жогорку мартабалуу командирди кызматтан алды.  

Буркина - Фасонун президенти Роч Марк Кристиан Каборе окуядан кийин үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Коңшу өлкө Малидеги Аль - Каида жана ДЕАШ менен байланышы бар террордук топтор 2015 -жылдан бери Буркина - Фасонун түндүгүндө жана чыгышында тез - тез кол салууларды ишке ашырууда.

Буркина - Фасо башка коңшусу Нигер менен Сахелде биргелешкен аскердик операцияларды жүргүзсө да, Малиде жайгашкан террордук топторду жок кыла албай жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, ушул кезге чейин  17 500 адам коопсуздук үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.



Тектеш кабарлар