Польшанын Меркель жана Макронго каршы чыгуусу

Польша өкмөтүнүн басма сөз катчысы Пиотр Мюллер TVP Info коомдук телеканалына Беларусь-Польша чек арасындагы мигранттар кризиси боюнча Меркель менен Макрондун Путин жана Лукашенко менен сүйлөшүүсү туура эмес болду деп билдирди.

1735245
Польшанын Меркель жана Макронго каршы чыгуусу

Польша өкмөтү Беларусь чек арасындагы мигранттар кризисине байланыштуу Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Франциянын президенти Эммануэл Макрондун Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсүнө каршылык көрсөттү.

Польша өкмөтүнүн басма сөз катчысы Пиотр Мюллер TVP Info коомдук телеканалына Беларусь-Польша чек арасындагы мигранттар кризиси боюнча Меркель менен Макрондун Путин жана Лукашенко менен сүйлөшүүсү туура эмес болду деп билдирди.

Меркель менен Лукашенконун телефондук сүйлөшүүсүнөн мурда Германиядан өздөрүнө кабар келгенин айткан Мюллер: «Чынын айтсам, мага кызыктай көрүнөт, анткени бул кандайдыр бир мааниде анын (Лукашенконун президент болуп) шайланышын кабыл алуу дегенди билдирет. Мен кырдаалды түшүнөм, бирок мен аны туура эмес деп эсептейм»,-деди.

Германия менен Франциянын орус жана беларусь жооптуулары менен сүйлөшүүсү кадыресе көрүнүш экенин, бирок бул үчүн ыйгарым укуктары жок экенин белгилеген Мюллер, Беларусь чек арасындагы кризиске байланыштуу Путин менен Лукашенкого берилген так билдирүүнүн туура болгонун айтты.



Тектеш кабарлар