Ирандын атомдук куралдар үчүн жабдууларды өндүрө баштагандыгы билдирилди

Иран Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) бир нече айдан бери көзөмөлдөй албаган же кире албаган жерде өзүнүн алдыңкы атомдук центрифугалары үчүн жабдууларды өндүрүүнү кайра баштагандыгы билдирилди.

1735036

Wall Street Journal гезитинин батыштык дипломаттарга таяндырып берген кабарында Ирандын Австриянын борбор шаары Венеда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө карабастан Тегерандын батышында Караждагы шаарында монтаждоо заводунда авгст айынын акырларынан бери чектелген масштабда ишин кайра баштаганы билдирилди.

Кабарда ал учурдан бери өндүрүштүн ылдамдатылгандыгы жана дагы өнүккөн центрифугалар үчүн белгисиз санда ротор жана көөрүк чыгарылганы айтылды. Ошондой эле кабарда, МАГАТЭнин Тегеран өнүккөн центрифугалар үчүн жабдууларды чыгара баштаган аймакка кире албаганы жана агенттиктин аны көзөмөлдөй албаганы айтылган.

Тектеш кабарлар