Беларусь-Польша чек арасындагы иммигранттар кризиси...

Беларустун Гродно шаарындагы Брузги чек арасында Ирактан виза менен Беларуска барган жана Европага көчүү үчүн бул өлкөдөн Польшага өтүүгө аракет кылгандар чек ара бекетинен чыгып кетишти.

1734935
Беларусь-Польша чек арасындагы иммигранттар кризиси...

Беларусь-Польша чек арасындагы Европага көчүүнү каалагандардын бир бөлүгү чек ара дарбазасынан токой аймагындагы лагерге кайтса, кээ бирлери түнөөгө даярдалган логистикалык борборго барышты.

Беларустун Гродно шаарындагы Брузги чек арасында Ирактан виза менен Беларуска барган жана Европага көчүү үчүн бул өлкөдөн Польшага өтүүгө аракет кылгандар чек ара бекетинен чыгып кетишти.

Чек ара дарбазасынын жанындагы тосмолорду өтүүгө аракет кылган топторго Польшанын коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсү менен чек ара пунктунан чыккандардын бир бөлүгү өткөн аптада токой аймагында курган лагерине кайтса, кээ бирлери чек ара пунктуна жакын жерде лагерин курушту.

Беларустун президенти Александр Лукашенко Гродно губернаторлугуна чек арадагы элдин түнөшү үчүн жабык аймак даярдоону тапшырды.

Ошол эле учурда чек арадагы иммигранттар менен Польшанын коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуудан кийин Беларусь Тергөө комиссиясы аймакта иликтөө баштады.

Беларустун Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Анатолий Глаз, Польшанын коопсуздук күчтөрүнүн Беларусь тараптагы топторго кийлигишүүсүнө сереп салып, «Мындай аракеттер эки тараптуу жана эл аралык түзүлгөн келишимдерди түздөн-түз бузат деп айтуунун мааниси жок. Башка суверендүү мамлекеттин аймагында атайын техниканын колдонулушун кантип түшүндүрсө болот, жеке мен үчүн элестетүү кыйын. Ошондуктан, албетте, биз тараптан расмий реакция болот»,-деди.

Бул тууралуу Беларустун Мамлекеттик чек ара комитетинин билдирүүсүндө да,«Польшанын коопсуздук күчтөрү тарабынан куралсыз адамдарга каршы атайын техника жана ок-дары колдонулганы катталды» деп маалымдалган.

Кошумчалай кетсек, Ирактын Тышкы иштер министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда, Беларусь-Польша чек арасындагы 170 адам Ирактын Минсктеги элчилигине кайрылып, өлкөгө кайтуу үчүн кайрылган жана 55 кишиге транзиттик паспорт даярдалган.

Ал арада Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Беларусь-Польша чек арасында Европага көчүүнү каалаган мигранттарга күч колдонбоого чакырды.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысынын бири Фархан Хак күнүмдүк пресс-брифингинде Польшанын коопсуздук күчтөрүнүн чек арадагы иммигранттарга көздөн жаш агызуучу газ жана басымдуу суу менен кийлигишкенин азырынча тастыктай албаганын,бирок мындай иш кылуу туура эмес экенин билдирди.

Польшанын вице-премьер-министри жана бийликтеги Укук жана адилеттик партиясынын (PiS) төрагасы Ярослав Качинский, Польша-Беларусь чек арасындагы мигранттар кризиси куралдуу кагылышууга айланышы күтүлбөй турганын билдирди.

Качинский Польша-Беларусь чек арасындагы кризисти гибриддик согуш катары сыпаттап: «Гибриддик согуш уланууда, бирок курал колдонулган жаңжал азырынча көрүнбөйт»,-деди.

Качинский чек арадагы чыңалуунун узакка созулушу мүмкүн экенин, Беларустун качкындарга жардам берип жатат деген билдирүүлөрү чындыкты чагылдырбасын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар