Безос: «Адамдар келечекте космосто төрөлүп, ири цилиндрлерде жашашат»
Америкалык миллиардер Безос, адамзаттын дүйнөнүн тышындагы колонизатордук аракеттерине баа берди.

Америкалык Amazon технологиялык компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос, келечекте адамдар космосто төрөлүп, ири цилиндрлерде жашай турганын айтты.
Blue Origin компаниясы менен космостук изилдөөлөрдү жүргүзгөн америкалык миллиардер Безос, адамзаттын дүйнөнүн тышындагы колонизатордук аракеттерине баа берди.
Безос алдыдагы кылымдарда адамзаттын "космосто төрөлөрүн" жана адамдардын "1 миллион калкты кабыл ала турган ири цилиндрлерде жашаарын" айтты.
Безос адамзат жер бетинде бар болгон дарыялар, токойлор жана жапайы жаратылыш менен тартылуу күчүн өзү долбоорлой турганын белгиледи.
Атактуу миллиардер: «Кылымдар өткөндөн кийин көптөгөн адамдар космосто төрөлөт, бул алардын биринчи үйү болот. Алар ушул колонияларда төрөлүп, жашашат, анан Yellowstone улуттук паркына барганыңыздай Жерге зыярат кылышат», - деди.
Тектеш кабарлар

Орусиянын БУУдагы туруктуу катчысынын орун басары Бондарев отставкага кетти
Бондарев кызматтан кетүү тууралуу арызын социалдык медиа аркылуу бөлүштү.