Орусия Индияга С-400 абадан коргонуу системасын өткөрө баштады
Орусиянын Федералдык Аскердик жана техникалык кызматташтык агенттигинин башчысы Дмитрий Шугаев Орусиянын ТАСС агенттигине маалымат берди.
Орусиянын Федералдык Аскердик жана техникалык кызматташтык агенттигинин башчысы Дмитрий Шугаев, Индияга С-400 абадан коргонуу системасынын жөнөтүлүшүнүн башталганын билдирди.
Шугаев Дубайда Орусиянын ТАСС агенттигине берген маалыматында, «Орусия Индияга С-400 системаларын жеткире баштады»,-деп айтты.
Индия менен Орусиянын ортосунда С-400 абадан коргонуу системаларын сатып алуу боюнча келишимге 2018-жылдын ноябрь айында 5,4 миллиард долларга кол коюлган.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңири сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында макулдашылган келишимдин алкагында жеткирүүлөр 2023-жылдын апрель айында аякташы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.