Ливияда Хафтер жалданма аскерлерди өлкөдөн чыгарат

Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу  куралдуу күчтөр 300 жалданма аскерин өз өлкөлөрүнө кайтарууну чечти.

1733021

Хафтердин 5+5 биргелешкен аскердик комитетиндеги өкүлдөрүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсү Ливиядагы  Ел - Марсад гезитинде жарыяланды.

Билдирүүдө Ливиядагы 5+5 биргелешкен аскердик комитет тарабынан бекитилген чет элдик жалданма аскерлердин өлкөдөн чыгуу планынын алкагында биринчи этапта 300 жалданма аскердин өлкөдөн чыгарылышына чечим чыгарылганы белгиленди.

Жалданма аскерлерди өлкөлөрүнө жөнөтүү процессинин Бириккен Улуттар Уюмунун Ливияга колдоо көрсөтүү миссиясы менен координациялуу жүргүзүлөрү жана бардык коопсуздук чараларынын көрүлө турганы белгиленди.

Ливиядагы 5+5 биргелешкен аскердик комитети 8-октябрда чет элдик жалданма аскерлерди жана чет элдик күчтөрдү өлкөдөн этап - этабы менен чыгуу планын бекиткенин билдирген.

Тектеш кабарлар