Конгодо яхта чөгүп: 5 адам каза болду
Киву көлүндө жүргүнчүлөрдү ташыган моторлуу яхта чөгүп кетти.
1732895
Конго Демократиялык Республикасынын чыгышындагы Түштүк-Киву провинциясында жүргүнчү ташыган яхтанын чөгүп кетишинен 5 адам каза болуп, 40 киши дайынсыз жоголду.
Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, Түштүк-Киву провинциясынын Карехе районундагы Киву көлүндө жүргүнчүлөрдү ташыган моторлуу яхта чөгүп кетти.
Кырсыктан 5 адам каза болуп, 40 адам дайынсыз жоголду.
Дайынсыз жоголгондорду издөө-куткаруу иштери уланууда.
Жүргүнчүлөрдү жана материалды сыйымдуулугунан жогору ташып жатканы айтылган кемеде 120 жүргүнчү болгону болжолдонууда.