Сьерра - Леондогу танкердин жарылуусунан каза болгондордун саны көбөйдү

Каза болгондордун саны 131ге жетти.

1732423
Сьерра - Леондогу танкердин жарылуусунан каза болгондордун саны көбөйдү

Сьерра - Леондун борбору Фритаун шаарында 5 - ноябрда күйүүчү май ташыган танкердин жарылуусунан каза болгондордун саны 131ге жетти.

Улуттук апаат менен күрөшүү агенттиги Мохамед Ламрана Бах Фритаундун чыгышындагы Веллингтон аймагында болгон кырсыкта жараланган 63 адамдын дарыланып жатканын, 19 адамдын абалы оор экенин билдирди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү үчүн Сьерра -Леонеге 6,6 тонна шашылыш медициналык жардам жөнөткөн.

Фритаун шаарында 5 - ноябрда күйүүчү май ташыган унаа менен башка бир унаанын кагылышынын натыйжасында болгон жарылууда 115 адам каза болуп, 100дөн ашууну жаракат алган.

Кырсыкта каза болгондор үчүн үч күн аза күтүү жарыяланган.



Тектеш кабарлар