Жаңы антитело табылды
Окумуштуулар Ковид - 19 жана варианттары менен башка түрдүү коронавирустарга каршы коргой турган бир антитело табышты.

Окумуштуулар Ковид - 19 жана варианттары менен башка түрдүү коронавирустарга каршы коргой турган бир антитело табышты.
Түндүк Каролина университети Чапел Хилл (UNC) жана Дьюк университетинин изилдөө тобу учурдагы пандемияга жана келечектеги вирустун чыгышына каршы күрөшүүгө жардам бере турган маанилүү ачылыш жасашты.
Жаңы табылган "DH1047" антитело вирус клеткаларынын көбөйүшүнө жана жугушуна тоскоол боло алат. Изилдөөчүлөр антителонун келечектеги вирустун чыгышына каршы вакцина изилдөөлөрүнүн ачкычы болушу мүмкүн деп белгилешти.
"DH1047нин" вирус жуккан бир адам сезе турган симптомдорду дарылоого да жардам берерин белгилешүүдө.
«DH1047» антителосу вирустун клеткаларына жабышып, аларды нейтралдаштырып көбөйүүсүнө тоскоол болот.
Duke Human Vaccine институтунун директору жана эмгектин өнөктөшү доктор Бартон Хайнес бул антителонун эпидемия үчүн «дарылоочу» поиенциалына ээ экендигин айтты.